Мазмунга өтүү

2-март

Википедия долбоорунан

март
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
2025-ж.

2-мартГригорий жылсанагы боюнча жылдын 62-күнү (толук жылдарда – 61-күн). Жылдын аягына чейин 304 күн бар.

  • 1807Америкалык Конгресс өлкөгө жаңы кулдарды импорттоого тыюу салган мыйзам кабыл алган.
  • 1855 – Александр Орусиянын падышасы болгон.
  • 1861 – Орус падышасы Александр II крепостничествону жокко чыгарган мыйзамга кол койгон.
  • 1903Нью-Йоркто аялдар үчүн гана биринчи мейманкана болуп, "Марта Вашингтон" мейманканасы ачылган.
  • 1919Коммунисттик Интернационалдын 1-курултайы Москвада өткөрүлгөн.
  • 1933 – Нью-Йорктун "Радио-Сити Мюзик-холл" аттуу жайында "Кинг Конг" тасмасынын премьерасы өткөн.
  • 1946Хо Ши Мин Түндүк Вьетнамдын Президенти болуп шайланган.
  • 1956Марокко Франциядан көз карандысыздыгын жарыялаган.
  • 1969 – Советтик жана кытай аскер күчтөрүнүн Уссури дарыясындагы чек арада кагылуушуусу болгон.
  • 1972 – "Пионер-10" аалам зонду Канаверал тушугунан тышкы планеталарды изилдөө максатында учкан.
  • 1983 – Компакт-дисктерди ойнотуучу плейерлер жана дисктер биринчи жолу АКШ жана башка өлкөлөрдө сатыла баштаган. Ага чейин алар Жапонияда гана бар болгон.
  • 1989 – Европа экономикалык жамаатынын 12 мүчө-өлкөсү XX-кылымдын аягына чейин хлорофлюорокарбондордун (CFCs) өндүрүшүнө тыюу салуусуна макулдугун беришкен.
  • 1992Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сан-Марино, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Бириккен Улуттар Уюмуна кошулушкан.
  • 1995 – Э.Ферми атн. Улуттук ылдамдатуу лабораториясынын изилдөөчүлөрү t-кварктын ачылышын жарыялашкан.
  • 2008 – Дмитрий Медведев Орусиянын президенти болуп шайланган.
  • 2017 – Московий, Теннессин жана Оганесон элементтери Химиялык элементтердин мезгилдик системасына киргизилген.
  • 2024 — Леброн Жеймс NBAнын тарыхында үзгүлтүксүз сезондо 40 000 упай топтогон биринчи баскетболчу болуп калды.
  • 1545 — Томас Бодли, англис дипломат жана китепкана негиздөөчүсү (1613-ж. к.ж.).
  • 1800 — Евгений Баратынский, орус акын (1844-ж. к.ж.).
  • 1824 — Бедрих Сметана, чех композитор (1884-ж. к.ж.).
  • 1859 — Шолом Алейхем, орус романист (1916-ж. к.ж.).
  • 1862 — Борис Борисович Голицин, орус физик (1916-ж. к.ж.).
  • 1900 — Курт Вейл, немис композитор (1950-ж. к.ж.).
  • 1919 — Тамара Туманова, орус балерина жана актриса (1996-ж. к.ж.).
  • 1931 — Михаил Горбачев, советтик Нобел сыйлыгынын лауреаты жана мамлекеттик ишмер.
  • 1941 — Жон Финч, англис актер.
  • 1962 — Жон Бон Жови, америкалык музыкант (Bon Jovi).
  • 1972 — Маурисио Почеттино, аргентиналык футболчу жана футбол машыктыруучусу.

Каза болгондор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]